Коом
Кесиптик билим берүү мекемелери компьютердик техника менен камсыз болууда

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илимминистрлиги 2024-жылы 34 баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин жана Республикалык илимий методикалык борборду 695 142 АКШ доллары өлчөмүндөгү компьютердик техника менен камсыз кылат.

Тактап айтканда, 20 билим берүү мекемесинде компьютердик класс жана конференц зал, 7 кесиптик лицейде компьютердик класс толугу менен заманбап техника менен жабдылат. Ал эми 8 алдыңкы тажрыйбаборборуна 3D-принтер сатып алынат.
Мындан тышкары, педагогдор жаңы техника менен колдонуу боюнча окуудан өтөт.
Бул иштер “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунуналкагында жүргүзүлүүдө.



