Дүйнө

Трамп Кубаны багындыруу ага чоң сыймык болорун билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө аткаруу буйругуна кол коюу аземинде Кубаны көзөмөлгө алуу өзүнө “чоң сыймык” болорун билдирди. Бул тууралуу CNBC маалымдады.

Овалдык кабинетте журналисттерге сүйлөп жатып, ал арал мамлекетине карата катуу жана амбициялуу билдирүүлөрдү жасады.

«Мен чындап эле Кубаны багындыруу мага чоң сыймык болот деп ишенем. Бул сонун болмок. Бул чоң сыймык. Мен аны бошото алам же багындыра алам — менимче, мен аны менен каалаганымды кыла алам», — деди Трамп.

Бул АКШ президентинин Куба тууралуу биринчи билдирүүсү эмес. Буга чейин ал АКШ менен ондогон жылдар бою мамилеси чыңалган бул өлкөгө карата «достук жол менен көзөмөлгө алуу» мүмкүнчүлүгүн да айткан.

Эске салсак, Венесуэланын президенти Николас Мадуро кармалгандан кийин Ак үй Гавананын венесуэлалык мунайга жеткиликтүүлүгүн дээрлик чектеген. Бул Кубадагы энергетикалык жана экономикалык кризисти күчөттү. Күйүүчү май тартыштыгынан улам бийлик өлкө боюнча электр энергиясын кезектештирип өчүрүүгө жана айрым мамлекеттик кызматтарды чектөөгө мажбур болду.

Мунун фонунда 14–15-март күндөрү өлкөдө нааразылык акциялары өтүп, айрым жерлерде көчө баш аламандыктарына айланган.

Ал эми 16-март, дүйшөмбү күнү, улуттук деңгээлдеги блэкауттун кесепетинен Кубанын 10 миллион калкы толугу менен электр жарыгысыз калган.

Тектеш кабарлар

Back to top button