Коом

Бишкекте кыздарды сойкулукка азгырып жүргөн аял кармалды

Бишкектин милициясы кыздарды сексуалдык кызматка азгырып жүргөн деп шектелген аялды кармады.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектүү 18-30 жаштагы кыз-келиндерди жумушка орноштуруу боюнча жарнактарды интернетке жайгаштырып, андан соң жогорку маяна убада кылып, акча үчүн сексуалдык кызмат көрсөтүүгө көндүргөн.

Бул факты боюнча “Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган 43 жаштагы А.М.А., мурда сойкулукка көмөктөшүү жана бузукулук үчүн соттолгон, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button