Коом

Сегиз жаштагы Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолугушмай болду

Өз айылына мектеп салууну суранган сегиз жаштагы Бекболот Турдушев президенттен чакыруу алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

«Мага Садыр Жапаровдон чакыруу келди, — деп белгиледи Турдушев. — Эки-үч күндөн кийин атам менен Бишкекке барып, мамлекет башчы менен жолугушабыз».

Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, Балбай айылына мектеп куруп берүүнү суранган балага чакыруу жөнөттү

2-класстын окуучусу Бекболот Турдушев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылынан болот.

Анын буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдон айылына эки кабаттуу мектеп куруп берүүсүн суранган видео тараган.

«Биз мектепке барышыбыз керек болчу, бирок бардыгы көгөрүп кеткен, биз аралыктан окушубуз керек» деди бала видеодо. — «Эки кабаттуу мектеп курсаңыз, эл сизди жакшы көрөт».

Бекболот айтып жаткан мектептин имараты жыл сайын көгөрүп, жагымсыз жытты пайда кыларын түшүндүрүп берели. Ушул себептен мектеп окуучулары онлайн режиминде билим алууга өтүштү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button