Коом

Милициянын кайгуул кызматкерлери жол кырсыгын жаратып качып кеткен айдоочуну кармады.

2021-жылдын 25-февральда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунда кызыл түстөгү “Toyota Camry” үлгүсүндөгү авто унаа жол кырсыгын жаратып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул боюнча Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына аталган авто унааны издеп табуу боюнча багыттама берилген.
Кайгуул кызматынын өздүк курамы тарабынан багыттамадагы авто унааны издеп табуу тууралу иш-чаралар жүргүзүлүп, көп өтпөй Махатма Ганди жана Түлебердиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Toyota Camry” үлгүсүндөгү авто унаанын А.И. атуу айдоочусу кармалып, Бишкек ШИИББнын жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми авто унаа убактылуу токтоочу короо жайга киргизилген.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button