Саясат

Конституциянын өзгөрүүсүн карапайым эл колдоду, майкөл, сүткөл жашоодо жашаган чиновниктер каршы!

Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн өткөн жылдын күз айларында атайын ачык эшик жарыяланып, каалоочулар келип, өз кеңешин, сунушун айтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. А түгүл көчөдөгү адамдар, жарандык коом, оппозиция да келип конституциянын өзгөрүшүнө сунушун айта алмак. Тилекке каршы, азыр сындап жаткандардын көбү ал өзгөртүүгө катышып, сунуштарын айткан эмес. Сыртынан эле душмандардай сынап, карап турган. Бери жакка чыгып, айрым оппозициячыл саясатчылар өздөрүнүн менчик ММКларына сындап маек берип да жатышты.

Конституцияга өзгөрүү киргизилгенде Жогорку кеңештин депутаттары да добуш берүүдө көпүлүгү жок болгон. Эми баары бүткөндөн кийин кыйкырып чыккандар болуп жатат. Алардын арасында депутат Жанар Акаев да бар. Ал ошол добуш берген күнү жумушка келген эмес, добуш бербей калган. Эми түштөн кийин Конституциялык өзгөрүүгө сынтакпай эле коюшса болот эле. Эгер сунушун айтып, өзгөрүү жүрүп жатканда сөзүн айтып, жыйынга катышса, ошол айткан сунушу четке кагылса анда кыйкырып чыкса жарашат эле.

Душманынын Конституциясы кабыл алынып жаткандай түр көрсөткөн айрым оппозиция өкүлдөрү ошол кезде неге сунуштарын айтышкан жок.

Кыргызстан жалпыбыздыкы. Конституциядагы өзгөрүүлөр жакпайбы, ошол жерге барып, кайсыл жери жакпаса сунушун айтса эч ким анын чапанын сыйрып алмак эмес. Тилекке каршы бизде сырттан карап сынтаккан аттуу баштуу эле саясатчылар бар. Алар өз акырынан жем жеп, өзгөрүүнү каалаган эмес. Анткени, эски Конституция алардын жаркын, жакшы жашоосуна ыңгайлуу болчу. Ал эми карапайым эл жакырлангандан жакырланып эле бара жатат. Жашоолорунда жакшы жагына эч өгөрүүлөр болгон жок. Негизи эле Конституциянын өзгөрүшүн жалаң карапайым эл колдоду, анча мынча чиновниктер, байлар жашоосун өзгөрткүлөрү келбей ага каршы чыгып, сынтагышууда. Себеби, жашоолору майкөл-сүткөл.

Эл өзгөрүүнү каалап турат, эл деген сел. Жалпы эл жакыр болсо, кошунаң ачка отурса ошол арамдан тапкан байлыгың сага жакшылык алып келеби? Андыктан жакшы жашоого умтулуп, өзгөрүүнү каалаган элдин үмүтүнө суу сээп, элди бузбагыла эски чиновниктер!!! Силер 30 жыл бою ичээринерди ичтиңер, элдин канын сордуңар, эми тынч отургула!

Баатырбек Асаналиев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button