Шакиев кыргыз тил боюнча тестте эң жогорку балл алды

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин имаратында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча жеринде тестирлөө өтүп жатат.
Анда ЖК спикери Нурланбек Шакиев, депутаттар жана аппарат кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн эрежелери менен таанышты.
Нурланбек Шакиев тесттен өтүп, С1 деңгээлиндеги эң жогорку баллды алды.
Мыйзам чыгаруу органында иштеген бардык кызматкерлер кыргыз тилин жогорку деңгээлде билиши керектигин белгилеген спикер: «Өткөн жылы депутаттар «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамды кабыл алышкан. Анын талаптарын так аткарып, мыйзам чыгаруу ишинде, иш кагаздарын жүргүзүүдө кыргыз тилин кеңири колдонушубуз керек. Ал үчүн бардык кызматкерлер мамлекеттик тилди билиши керек», — деди.



