Саясат

Марат Казакпаев: Жерүйдү иштетүү менен мигранттарды кайтарып келүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт

Бүгүн Талас облусундагы Жерүй Альянс комбинатынын ачылуу аземи болду. Бул комбинаттын ачылуу аземине Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин онлайн режиминде телекөпүрө аркылуу байланышты.

Жерүй комбинатынын ачылышы тууралуу саясий серепчи Марат Казакпаев  Abal.kg маалымат булагына жеке пикирин билдирди.

Марат Казакпаев:  “Жерүйдү ачуу президент Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барганда чечилген болчу.  Бул  комбинат боюнча Садыр Жапаров кепилдик алып келген.  Бизге экономиканы көтөрүү үчүн мындай чоң ишкана, мекемелердин иштегени абдан керек. Анткени  бизде азыр экономикалык жактан абал кыйын. Мындай чоң ишканалар эч кандай тоскоолдуксуз  иштеши керек. Албетте, айрым оппозициялык көз караштагы саясатчылар түрдүү оюндарды кылып жиберишүүдө. Бирок эл тарабынан бул комбинаттын ачылышына эч кандай тоскоолдук жок. Андыктан,  биз Президенттин бул аракетин колдошубуз керек. Анткени бул эл үчүн түзүлгөн шарт. Мындай чоң мекеме, ишканалардын ачылышы эң биринчиден, жергиликтүү элге жакшы болот. Жаштардын көбү иш издеп чет мамлекеттерге кеткен. Ошолорду кайтарып келүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Президент чоң мекеме, ишканаларды иштетип, жумуш ордуларын түзүп, мигранттарды кайра кайтарып келем деп убада берген. Эң негизгиси ушул. Ошондуктан мындай чоң инвестиция келгенде биз аларды  колдошубуз керек. Иш жүргөн жерде сөзсүз саясий күчтөр, жакшыны көргүсү келбегендер болот. Пезидент ошого карабастан иштеп жатат. Биз аны колдоп беришибиз керек,- деди Марат Казакпаев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button