Коом

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык башталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү жазуучу, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Жыйында мааракелик иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Адылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси улуттук гана эмес, эл аралык деңгээлдеги маанилүү маданий окуя экенин белгиледи. Ал бардык иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн маанисине токтолуп, тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик органдарга, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына бекитилген иш-чаралар планынын алкагындагы тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну тапшырды.

Белгиленгендей, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси анын чыгармачылык мурасы аркылуу улуттук маданиятты, мамлекеттик тилди жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактоого жана кеңири жайылтууга багытталган маанилүү окуя болот.

Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button