Окуялар

150 миң сомду бербей жүргөн. Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды (ФОТО)

2021-жылдын апрель айында Араван районунун тургуну ички иштер органдарына кайрылып, ачык түрдө алдамчылык фактысынын курмандыгы болгондугун айтып, алдамчылык жол менен зыян келтирген адамга чара көрүүнү суранган.

Маалым болгондой, 2019-жылдын аягында И.А. аттуу жаран жергиликтүү тургундун ишенимине кирип, алдоо жолу менен 150 миң сомдук каражатын ээлеп алган. Жабырлануучунун сөзүнө караганда, шектүү жаран алган акчасын ушул күнгө чейин кайтарып берген эмес жана такыр эле кайтарып бербөөсүн билдирген.

Аталган факты боюнча чогултулган материал КЖБРне катталып, Араван РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жогорудагы шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзө башташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ушул жылдын 5-апрелинде Араван районунун жашоочусу 1972-жылы туулган И.А. кармалган. Аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда иликтөө иштери улантылууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button