Окуялар
ӨКМ: Бишкектеги батирде түндө эки жашар бала жалгыз калган

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы батирде түндө эки жашар баланы жалгыз калтырып кетишкен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары 112 куткаруу кызматына түнкү саат 02:58де чалып, бекип турган батирде бала ыйлап жатканын айтышкан.
Куткаруучулар атайын шаймандар менен эшикти ачып, баланы ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ага медициналык жардам керектелген эмес.
Окуянын чоо-жайы укук коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө.


