Коом

Коронавирус. 459 адамдан аныкталып, дагы беш бейтап каза тапты

Кыргызстанда 9-июнга карата коронавирус дагы 459 адамдан аныкталып, дагы беш бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 183,
Ош шаарында – 73,
Чүй облусунда – 70,
Ош облусунда – 70,
Талас облусунда – 6,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 19,
Жалал-Абад облусунда – 34,
Баткен облусунда 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 331 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 1, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 818 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 80 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 165 бейтаптын абалы орто оордукта, 518 адамдын абалы оор жана 106 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 795 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 646 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 108 миң 173 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 101 миң 364 киши айыгып чыкса, 1 миң 864 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button