Саясат

Президенттин жарлыгы менен өкмөт министрлер кабинетине айланып, жетекчилери бекиди (тизме)

Президент Садыр Жапаров «Кыргызской Республикасынын министрлер кабинети тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин пресс-кызматы билдирди.

Президенттин башка жарлыктары менен Министрлер кабинетинин төрагасы болуп буга чейинки премьер-министр Улукбек Марипов, төраганын биринчи орун басары кызматына ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Артем Новиков, орун басаларларына — Улукбек Кармышаков (экономика жана финансы министри), Жылдыз Бакашова (улуттук китепкананын мурдагы директору), Азамат Дыйканбаев (санариптик өнүктүрүү министри, мурда байланыш мамлекеттик агенттигин жетектеген) дайындалышты.

Президенттин жарлыгына ылайык, Министрлер кабинетинин түзүмү жана жетекчилери төмөнкүдөй болду:

— Экономика жана финансы министрлиги (министри Улукбек Кармышаков);

— Коргоо министрлиги (министри Таалайбек Өмүралиев );

— Тышкы иштер министрлиги (министри Руслан Казакбаев);

— Юстиция министрлиги (министри Асел Чыныбаева);

— Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (министри Алымкадыр Бейшеналиев);

— Билим берүү жана илим министрлиги (министри Болотбек Купешев);

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (министри Кайрат Иманалиев);

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (министри Бообек Ажыкеев);

— Ички иштер министрлиги (министри Улан Ниязбеков);

— Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (министри Гүлмира Абдралиева);

— Энергетика жана өнөр жай министрлиги (министри Кубанычбек Турдубаев);

— Айыл, токой жана суу чарба министрлиги (министри Аскарбек Жаныбеков);

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлиги (министри Алмамбет Шыкмаматов);

—Санариптик өнүктүрүү министрлиги (министри Азамат Дыйканбаев);

— Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети (төрайымы Динара Кутманова);

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (төрагасы Камчыбек Ташиев).

Министрлер кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

— Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;

— Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button