Саясат

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин резюмеси

Купешев Болотбек Душекович 5-майда билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

Б.Купешев 1959-жылдын 25-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Соколовка айылында туулган.

Билими: жогорку, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн, адистиги: орус тили жана адабияты мугалими.

Эмгек жолу:

— Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызмат ордуна дайындалганга чейин – Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түндүк региондору департаментинин жетекчиси;

— 2009-2010 – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

— 2008-2009 – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;

— 2007-2008 – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;

— 2005-2007 – Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык резерв мектебинин инструктор-методисти;

— 2004-2005 – Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

— 2002-2004 – Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин директору;

— 1996-2002 – Бишкек шаарынын № 69 мектеп-гимназиясынын директору;

— 1991-1996 – Бишкек шаарынын № 36 орто мектебинин директору;

— 1989-1991 – Фрунзе шаарынын № 69 орто мектебинин директорунун орун басары;

— 1986-1989 – Кыргызстан Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун Фрунзе шаардык комитетинин бөлүм башчысы;

— 1980-1986 – СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда окуган;

— 1978-1980 – Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

— 1976-1978 – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы совхозунда ар кандай жумуштарда иштеген.

Жетишкендиктери:

— 1990-1995 – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук кеңешинин депутаты болгон (эки жолку чакырылышта);

— 1999-2004 – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон;

— 2000 – Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин I съездинин делегаты болуп шайланган;

— 1992-1993 – «Мыкты директор» наамына татыктуу болгон;

— «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Квалификациясын жогорулаткан:

— 1996 – Венгрияда өткөрүлгөн семинарга;

— 1996 – Эстонияда өткөрүлгөн конференцияга;

— 1999 – Латвияда өткөрүлгөн конференцияга;

— 1991 – РИОдо уюштурлган курстарга;

— 2000 – КИОдо уюштурулган курстарга;

— 2003 – Түркия, Кипрде уюштурулган курстарга;

— 2009 – Чехия, Японияда өткөрүлгөн конференцияларга;

— 2012-2017 – Польша, Япония, Казакстанда өткөрүлгөн окуу курстарына катышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button