Коом

ӨКМ: Турак жайлары талкаланган баткендиктерге убактылуу чатырлар курулуп берилет

Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактан улам 40 миңден ашуун жаран коопсуз жерлерге эвакуацияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-майда ӨКМ эвакуацияланган жергиликтүү тургундарды Баткен шаарынан турукташкан үйлөрүнө жеткирүү иштерин баштады. Турак жайлары талкалангандарга ӨКМ тарабынан убактылуу чатырлар курулуп берилет.

Баткен районунун Аксай айылында 9 жабыркаган турак жайдын тургундарына Кызыл Ай коому тарабынан мобилдүү үйлөр жана чатырлар орнотулууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button