Коом

Мозгачева: Коронавирус жуктурган шаардыктардын көбү оорусун жашырып жатышат

Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, акыркы суткада 368 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, учурда шаардыктардын көпчүлүк бөлүгү ооруп жаткандыгын жашырып жатышат, ошондой эле оору аныкталган учурда иштеген жерин айтуудан баш тартышууда.

“Бул олуттуу көйгөйлөрдү жаратууда”, — деди ал.

Ошондой эле вице-мэр шаардыктарга кайрылып, оорусун жашырбай жана оорунун белгилери байкалса тиешелүү мекемелерге кайрылууну сунуштады.

“Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 23 мобилдик тобу иш алып барууда. Райондор боюнча айтсак, Ленин районунда – 8 , Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунда бештен топ иштөөдө. Керек болсо, мобилдик топтор үйүңүздөргө келип, сиздерге тиешелүү жардам көрсөтөт. Ооруңуздарды жашырбаңыздар”, — деп сөзүн жыйынтыктады Мозгачева.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button