ДССУ: Коронавирустун жаңы штаммдары вакцинадан озуп кетип жатат

Эгер мамлекеттер ортосунда дары-дармек, вакцина бирдей бөлүштүрүлбөсө, коронавирус менен күрөшүү боюнча илимий жетишкендиктер бир тыйынга татыбай калат. Бул тууралуу ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус айтканын РИА Новости жазды.

“Вакцина өндүрүү жана таратуу бирдей болбой жаткандыктан, коронавирустун жаңы штаммдары вакцинадан алдыга озуп кетүүдө. Бул экономикалык жактан бутка туруп, кайра калыпка келүүгө коркунуч туудурат”, — деди Гебрейесус.

Ал коронавирустан көз жумгандар дүйнөдө 4 миллиондон ашканын айтып, бул сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

“Калкынын басымдуу бөлүгү эмделген айрым мамлекеттер пандемия бүтүп калгандай чектөөлөрдү ала башташты. Башка өлкөлөргө вакцина бирдей жетпей жаткандыктан, ал мамлекеттерде ооругандардын саны өтө көп болуп жатат”, — деген ДССУ башчысы.

Гебрейесус кычкылтек, дары-дармек Азия, Африка, Латын Америкада жетишсиз болуп, өлүм учурлары көп катталып жатканын белгилеп, адамзатты пандемия менен биргелешип күрөшүүгө чакырган. Муну менен бирге ал G20 мамлекеттерин пандемияны токтотуу үчүн тез арада чара көрүүгө үндөдү. Гебрейесус сентябрга чейин бардык мамлекеттин калкынын 10 пайызын, ушул жылдын аягына чейин 40 пайызын, ал эми кийинки жылдын ортосуна чейин 70 пайызын эмдөө ДССУнун башкы максаты экенин эске салган.