Коом

Чүйдө милициянын ардагери айылына “Хан Жантай” атындагы стадион куруп берди

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында “Хан Жантай” атындагы спорт аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул спорттук аянтча Чым-Коргон айылынын тургуну  милициянын полковниги, ардагер Сыдыгалиев Бабан аксакалдын демөөрчүлүгү менен курулуп, аянтча айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Ачылыш аземге Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, ардагерлер, Кемин райондук администрация башчысынын биринчи орун басары жана айыл тургундары катышышты.

Иш-чаранын алкагында Бабан аксакалдын эмгегине алкыштар айтылып, ыраазычылык каттар тапшырылып ошондой эле Чым-Коргон айылынын ардактуу атуулу наамын ыйгарылды.

Өз кезегинде ардагер Бабан Сыдыгалиев элдин батасына ыраазычылыгын билдирип, бул спорт аянтчасы айылдын жаштары үчүн ден соолук чыңдай турган борбор катары кызмат кылып, айылдан ийгилик жараткан инсандар көп болсун деген тилегин билдирди.

Тактай кетсек, ардагер бул аянтчаны курууга 5 миллион сом каражат жумшаган.

Бабан Сыдыгалиев Ички иштер органдарында 1985-жылдан тартып 2009-жылга чейин эмгектенип, катардагы милиция кызматынан баштап жетекчилик кызматтарда да эмгектенген. Панфилов жана Кемин райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарды аркалап, 2009-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Ички иштер органдарында 25 жылдан ашык эмгектенген ардагер ардактуу эс алууга чыккандан кийин дыйканчылык менен алектенип келет. “Милиция кызматында иштеп жүргөн учурда аткарган ишимдин акыбети кайтып  көптөгөн сыйлыктарга жетиштим. 25 жылдан ашык милиция кызматында эмгектенип, кылмыштуулук менен күрөшүүдө күн-түн дебей кызмат өтөдүм. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин мен элим үчүн эмне кылдым деп өзүмө-өзүм суроо берип, кылган иштериме кээде алымсынбай, кээде сыймыктанып калаар элем” –дейт ардагерибиз.

“Көптөн бери ой толгоп, айылыма бир иш кылып берсем деп ойлонуп жүрчү элем. Бир күнү айыл башчысы менен сүйлөшүп калсам ал “Айылыбызга стадион куруп алсак жакшы болот эле, айылда талантуу балдарыбыз көп, айылыбызда спорт аянтчасы жок болсо да облус ичинде футбол боюнча биринчиликти бербей келебиз”-деп калды. Айылымдын жаштары биринчиликти бербей жүргөнү мени бир жагына  таңкалдырса, экинчи жагынан аятча куруу жөнүндөгү ой көкүрөгүмө тык этти”-деген аксакал ошон маектешүүдөн тарта аянтчаны курууга канча каражат кетерин эсептеп, ишти баштоо ою менен алпурушуп кирет. Бул оюндагысын байбичесине жана балдарына билдирсе аксакалдын максатын үй-бүлөөсү да  туура көрүп, 2021-жылдын февраль айында аянтчаны куруу иштери башталганын айтат.

Курулуш иштери башталган соң ардагерибиз аянтча куруу оңой иш эмес экенин, ойлогондон дагы бир топ оор болуп, башталган ишти таштап салуу андан да оор экенин айтып чымырканып болгон күчүн жумшап аягына чыгарганын кеп кылды.  Ардагерибиз аянтчаны баштаар алдында болгону эки гана шарты бар экенин билдирет. Биринчиси стадиондун атын өзүм койсом деген тилеги бар экенин жана экинчиси аянтчаны жакшынакай карап иштетип кете ала турган адамды өзү тандоону өтүнөт.   Аянтчанын атына келе турган болсок Бабан аксакал көпкө ойлонгонун, өзүмдүн атамдын ысымын ыйгарсамбы деген ою да болгонун, бирок, акыры бир чечимге келип  тарыхый инсан “Хан Жантай” деген атка токтолгонун айтат. Мына эми ардагерибиздин  эмгегинин акыбети кайтып өзү да ыраазы болуп, мындай саамалык үчүн эли да ыраазы болуп турган кез.

Бабан аксакал бүгүнкү күндө уулдарын үйлөнтүп, кыздарын узатып, небере-чөбөрө көрүп, бактылуу өмүр сүрүп турган кези. “Жаш кезимди милиция кызматына арнадым, кудайга шүгүр эмгегим бааланып убагында көкүрөгүм медалдарга толду. Ардактуу эс алууга чыккандан бери дыйканчылык менен алектенип келем, дүнүйөнү ашыкча жыйнап деле ала кетпейбиз, байлык колдун кири, бүгүн бар да эртең жок.  Ошондуктан эл үчүн эмгектенгенден артык ыракат жок” -дейт ардагер Бабан Сыдыгалиев, — деп билдирди Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button