Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 1291 адамдан аныкталып, дагы 10 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 20-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 291 адамдан аныкталып, дагы он бейтап каза тапты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 939,
Ош шаарында – 17,
Чүй облусунда – 129,
Ош облусунда – 21,
Талас облусунда – 18,
Нарын облусунда – 26,
Ысык-Көл облусунда – 52,
Жалал-Абад облусунда – 15,
Баткен облусунда – 74 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 242 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 552 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 938 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 8, ал эми үй карантининен 18 медкызматкер чыгарылган. Пандмия башталгандан бери 6 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 435 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 151 миң 607 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 127 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 196 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button