Кофе көп ичкен адамдын жүрөгү начарлашы мүмкүнбү? Адистин жообу

Америкалык окумуштуулар кофе ичүү менен жүрөк кагышынын бузулушунун ортосундагы байланышты аныктаган эң ири изилдөөлөрдү аякташты. Жыйынтыгы көрсөткөндөй, кофени ченеми менен ичкендердин аритмияга чалдыгуу коркунучу калктын орточо көрсөткүчүнөн дагы төмөн болгон. Бул тууралуу JAMA Internal Medicine журналына жарыяланган макалага таянып РИА Новости жазып чыкты.

Кофенин сезгенүүгө каршы таасири бар болгондуктан айрым коркунучтуу оорулардын, анын ичинде рак, кант диабети жана Паркинсон оорусунун пайда болуу тобокелдигин төмөндөтөт. Бирок кээ бир эксперттер кофени чеги менен ичүүнү сунуштайт. Алардын ою боюнча, кофеин жүрөккө терс таасирин тийгизип, аритмияга алып келиши мүмкүн.

Сан-Франциско университетинин изилдөөчүлөрү бул божомолду текшерип көрүүнү чечишкен. Алар Англиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын медициналык жана генетикалык маалыматтарды камтыган дүйнөдөгү эң ири UK Biobank биобанкындагы дээрлик 400 миң кофе сүйүүчүлөрүнүн маалыматын алган. Катышуучулардын орточо курагы 56 жашты түзүп, эркек менен аялдардын саны бирдей болгон. Илимпоздор аларга төрт жылдан бери байкоо жүргүзгөн.

“Кофе көпчүлүк адамдар үчүн кофеиндин негизги булагы болуп саналат жана аритмияны пайда кылуучу же күчөтүүчү күчкө ээ. Бирок биз кофеинди ичүү аритмияга чалдыгуу коркунучун арттырат деген эч кандай далил тапкан жокпуз. Биздин изилдөө аритмия оорусун азайтуу үчүн кофеинден баш тартуу негизсиз деген ишенимге келди”, – дейт изилдөөчү доктор Грегори Маркус.

Аритмиянын ар кандай түрүнүн күчөп кетиши же жүрөк оорулары кофе ичкендердин арасында төрт пайызды түзүп, калктын орточо көрсөткүчүнөн үч пайызга төмөн болгон.

Изилдөөчүлөр генетикалык жактан кофеиндин белгилүү бир метаболизмине дуушар болгондор арасында дагы аритмиянын күчөшү жөнүндө эч кандай далил тапкан жок. “Биздин изилдөөдө курамында кофеин бар суусундуктарды ичүү аритмияга чалдыгуу коркунучун жогорулатары боюнча далил тапкан жок. Андан тышкары, кофе аритмиянын айрым түрлөрүнөн адамды коргой алашы мүмкүн”, – дейт доктор Маркус.

Окумуштуулар алардын тыянагы алдын ала жана статистикалык маалыматтарды талдоонун негизинде айтылганын белгилешет. Алдыда алар кофеиндин жүрөктүн кагышына тийгизген таасирин тактоо үчүн клиникалык сыноону өткөрүүнү пландаштырышууда.