Кыргызстандыктар үчүн Россияда ишке орношуу үчүн эң көп талап кылынган багыттар – тизме

Россияда мигранттар үчүн эмгек рыногунда эң көп талап кылынган чөйрө – курулуш, тигүү, мейманкана-туристтик тармактары жана коомдук тамактануучу жайлар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы департаментке караштуу маалыматтык-консультативдик борбордун директорунун орун басары Алмаз Алымбаев билдирди.

Ал 29-сентябрда онлайн режиминде бош орундар жарманкеси өтөрүн белгиледи. “Азыр катышуучуларды каттоо жүрүп жатат. Орундардын саны чектелүү, техникалык себептер менен 1300гө жакын гана адам катыша алат”, – деди ал.

Бирок, Алымбаев жарманкени онлайн режиминде бары көрө аларын түшүндүрдү.

Алмаз Алымбаев бүгүнкү күндө Россияда иш үчүн эң көп талап кылынган багыттар курулуш, тигүү, мейманкана-туристтик тармагы жана коомдук тамактануучу жайлар экенин айтып өттү.

“Көп талап кылынгандардын арасында – IT тармагы дагы бар”, – деп кошумчалады ал