Коом

27-июнга карата аба ырайы

27-июнь, бейшембиде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34…39, Талас облусунда +32…+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39 градус, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +25…+30 градус ысык болот.

Борбор калаада күндүн табы +36…+38 градуска жетсе, Ош шаарында +34…+39 градус болору күтүлүүдө. Ал эми Чолпон-Ата шаарында жамгыр жаап, +26…+28 градус жылуу болору болжолдонду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button