Коронавирус. Кыргызстан жуктургандар боюнча дүйнөлүк рейтингде 93-орунда турат

Кыргызстан коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөлүк рейтингде 93 орунда турат. Бул тууралуу брифинг учурунда “Профилактикалык медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк рейтинг боюнча Кыргызстан 93 орунда турат, вирус жуктургандардын саны 180 миңди жана каза болгондордун саны 2620 адамды түздү.

“Дүйнө жүзүндө 2,8 млрд (35,3%) адам эмдөөдөн өткөн, эмдөөнүн пайызы 40тан ашык мамлекеттерде 60-74%га жетсе, КМШ өлкөлөрүндө 30%ды түздү”, – деди ал.

Касымов белгилегенлей, 2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус инфекциясы мутация болуп жатканына байланыштуу, аны алдын ала божомолдоо үчүн маалыматтар жетишсиз болуп эсептелет. “Күз-кыш мезгилинде вирус жуктуруп алуу тобокелдиктери күчөп баштайт. Андыктан, алдын алуу чараларын сакташыбыз керек: беткап тагынып, колду жууп же антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоо да зарыл”, – деп кошумчалады Омор Касымов.

Сөзүнүн аягында, ал дарыгерлерди, мугалимдерди, калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.