Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 103 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 20-октябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 49 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында үч бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 604 бейтап, амбулатордук түрдө 542 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button