Дүйнө

Казакстанда кош бойлуу аял 3-кабаттан секирүүгө аракет кылган

Казакстандын Алматы облусундагы Каскелең төрөт үйүнүн дарыгерлери терезеден секирип кетүүгө аракет кылган кош бойлуу аялды куткарып калышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Басылмалар билдиришкендей, Карасай районунун Каскелең төрөт үйүндө жаткан аял 3-кабаттын терезесинен секирип кетүүнү көздөгөн. Дарыгерлер өз убагында келип, аялды аман алып калышкан.

Мындай шалаакылыкка эмне себеп болгондугу, аялды мындай кадамга түрткөн себептер укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатат.

Аялдын үч баласы бар экени белгилүү болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button