Коом

ИИМ: Милиция кызматкерлери шайлоо учурунда коомдук тиртипти сактоо боюнча күчөтүлгөн режимде ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө

Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов БШК тарабынан уюштурулган брифингге катышып, учурдагы кырдаал боюнча төмөндөгү маалыматтар менен  коомчулукту тааныштырды:

25-ноябрдан баштап элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөөгө өткөрүлгөн.

Бул шайлоо буга чейинки шайлоолорго караганда өзүнүн тазалыгы, калыстыгы менен айырмаланып, эч кандай бурмалоосуз жагдайда өтүшү керек.

Ал үчүн Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык иш-чараларды уюштуруп, азыркы учурда 12 миңге жакын кызматкерлер коомдук жайларда, көчөлөрдө, шайлоо тилкелеринде күчөтүлгөн жана жогорулатылган тартипте кызмат өтөөдө.

Анын ичинде, жалпы 2 миң 435 шайлоо тилкесинде күнү-түнү коопсуздукту камсыздоого 6 миңге жакын  кызматкер бөлүнгөн.

Бул иш-чаралардын бардыгы урматтуу Президентибиздин “Шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде ишке ашырылууда.

Милициянын бир гана максаты бар, ал шайлоону тынч өткөрүү боюнча бардык аракеттерди көрүү болуп эсептелет.

Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, шайлоону өткөрүү мезгилинде добуш бере турган жарандарга жана шайлоого катышып жаткан талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөн.

Шайлоого байланыштуу добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу фактылары же кандайдыр-бир башка элге жат көрүнгөн фактылар орун алса “102” телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Ар бир аймакка кызматкерлер бөлүнгөн. Тактап айтканда, шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча ыкчам чараларды көрүү масатында 211 документтештирүү топтору түзүлүп, ага тажрыйбалуу 980 кызматкер бекитилген.

Аны менен бирге, шайлоо өтүп жаткан аймактарга жакын жерлерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, жол кырсыктарын алдын алуу үчүн 1 миң 500 ашык кызматкер бекитилген.

Маалыматтарды жалпылап, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Ички иштер министрлигинде жана жер-жердеги ички иштер башкы башкармалыктарында, башкармалыктарында  10 ыкчам штаб, 10 маалымат талдоо тобу түзүлүп ишке киргизилген.

Коомдук укук бузууларды болтурбоого багытталган  “Укук тартип” жана “Арсенал” аталышындагы  рейддер өткөрүлгөн.

Азыркы учурда, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда коомдук тартип  менен жол коопсуздугу күчөтүлгөн негизде жүргүзүлүүдө.

Анын ичинде, жарандардан келип түшкөн чакырууларды тейлеп, окуя болгон жерден изи сууй электе кылмыштарга, жоруктарга бөгөт коюу үчүн 511  унаа менен күндүзгү жана түнкү кайгуулдар уюштурулган.

Азыркы учурда, жалпысынан шайлоого байланышкан 408 (28-августтан 28-ноябрына чейин, саат 08.00 чейин) факт катталган.

Алардын ичинде 67 кылмыш, 76 жорук, калган 265 факты электрондук маалымат журналына  катталган.  Анын ичинен  шайлоо баннерлери менен байланышкан 72 факт катталган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу  менен тыгыз иштер жүргүзүлүүдө.

Кечээ, көчмө добуш берүү иштери шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлүп, алардын коопсуздугу ички иштер органдары тарабынан камсыздалды.

Аны менен бирге, кечээ шайлоо алдындагы үгүттөөгө болбой турган күн болчу, бирок ар түрдүү жагдайлар жана маалыматтар боюнча бир күндө 43 факты катталды (добуш сатып алуу, баннерди туура эмес илүү жана башка учурлар боюнча маалыматтар жөнүндө).

Аталган фактылардын баары азыркы учурда териштирилип жатат жана жыйынтыктары сөссүз түрдө чыгарылат.

Жалпысынан белгилеп өткөндө, коомдук коопсуздукту камсыздоо, жарандардын укуктарын коргоо, эл арасында ар түрдүү туура эмес маалыматтарга, окуяларга бөгөт коюу менен шайлоону тынч өткөрүү боюнча ички иштер органдары тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын билдирем.

Республикада коомдук-саясий жана кылмыштуулук боюнча кырдаал туруктуу жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыздап, ар түрдүү одоно тартип бузууларга, эл арасында туура эмес такталбаган маалыматтарды таратып, элдин тынчын алууга жол берилбейт.

Эгерде ошондой учурлар аныктала турган болсо, мыйзам бузуулар орун ала турган болсо, анда ички иштер органдары тарабынан жеринде териштирүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам чегинде катуу чаралар колдонулат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button