Чыңгыз Байсов Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Биринчи май райондук акимиатынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Байсов Биринчи май районунун акиминин турак-жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин ал акимчиликтин аппарат жетекчиси болуп эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кол койду.