Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунун иши сынга алынды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунун ишин текшерип, жыйын өткөрдү. Ал ишкерлерди тейлөө борборунун ишин катуу сынга алды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, текшерүү учурунда борбордун айрым кызматкерлери жумуш ордунда болгон эмес.

“Борбор ишкердикти өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Мекеменин ишин кайра баштоо, анын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана оперативдүү башкарууну өзгөчө көзөмөлгө алуу зарыл. Жооптуу кызматкерлер маалыматка ээ болушу керек, жарандарды кайра министрликтерге багыттабашы керек”, – деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Кожошев абийирсиз кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлөрүн кошумчалап, ошондой эле бир аптанын ичинде борбордун ишин, анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын даярдоого ылайыкташтыруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, ишкерлердин көп сандаган арыздарына байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Ишкерлерди тейлөө борборуна пландан тышкаркы текшерүү менен барган.

Текшерүү учурунда 9 кызматкердин ичинен беш гана мамлекеттик органдын өкүлдөрү иш ордунда болушкан.