Бактияр Орозов билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болду

Бактияр Орозов билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин бул кызматты Калысбек Шадыханов аркалап келген. Ал башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулган.

Орозов өкмөттүн аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүндө иштеген. Адам укугун коргоо боюнча Координациялык кеңештин ишин камсыздоо секторунун башчысы болгон. Юридика илимдеринин кандидаты.