Коом

Быйыл орозо качан башталары белгилүү болду

Орозо айы быйыл 2-апрель күнү башталат. Бул тууралуу Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын дин башкармалыктары биргеликте чечим кабыл алганын Казакстандын муфтияты маалымдады.

«Наиб муфтий, фатва жана шариат бөлүмүнүн башчысы Сансызбай Курбанулы быйыл орозо 2-апрелде башталарын билдирди. Мындай биргелешкен чечим Өзбекстан жана Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыктары менен макулдашылган», — деп айтылат маалыматта.

Рамазан айы 30 күнгө созулат, 2-май — Орозо айт. 27синен 28-апрелге караган түнү кадыр түн болушу мүмкүн.

Кыргызстандын муфтиятынан азырынча так датасы белгилүү боло электигин, маалыматты бир аздан соң беришерин айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button