Коом

Таласта 1-топтогу майып кыз зордукталганы айтылды

Бакай-Ата районунун Үйүр-Марал айылынын 1985-жылы туулган тургуну милицияга арызы менен кайрылып, 18-апрелде саат 18:30 чамасында үйүнөн,​ 1-топтогу майып карындашы 1992-жылы туулган кыздын алсыз абалынан пайдаланып зордуктап кеткендиги тууралуу айткан. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Аталган билдирүү 21-апрелинде Бакай-Ата РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Бакай-Ата РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда шектүү катары ​Үйүр-Марал айылынын​ тургуну 1980-жылы туулган жаран аныкталып, Бакай-Ата РИИБге жеткирилип, зордуктабаганын айткан.

​Жабырлануучу​​ соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн. ​ Анын жыйынтыгы денесинде күч колдонулган жаракат белгилери жоктугун көрсөткөн. Шектүү Жазык кодексинин 154-беренеси менен айыпталып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button