Бишкектин базарларында мөөнөтү өтүп кеткен продукциялар сатылууда

Бишкектин базарларында мөөнөтү өтүп кеткен азыктар көп сатылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда массалык уулануу фактыларынан кийин соода объектилерин жана базарларды пландан тышкаркы текшерүү иштери башталды. Буга чейин Бишкек шаарындагы «Ош базары», «Орто-Сай», «Дордой-Дыйкан» жана «Берекет-универсал» базарларында кондитердик азыктар, коштоочу документтери жана этикеткалары текшерилген.

– Биз бардык базарларда мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын көп ассортиментин жана көп санда экенин аныктадык. Жыйынтыгында базарлардын жетекчилерине жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге 325 миң сом өлчөмүндө 23 айып салынды, – деди ал.

Эске салсак, Ошто 1-майда, Бишкекте 5-майда, Сүлүктүдө 10-майда тамак-аштан массалык уулануу фактылары катталган.