Коом

УКМК: Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астынан өтүүчү жашыруун жол табылды

КР УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-майында Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн “Тинтүү” ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасын Өзбекстан Республикасы менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган.

Маалым болгондой, бул тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

Ошол эле учурда жогорудагы жер астынан өтүүчү жолдун табылган аймактын ээси М.А.М. карата, ал адам учурда Жалал-Абад областынына караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жаткандыктан, акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда.

Учурда кылмышка тийешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button