Июндан тарта Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү аба каттамы жанданат

Ушул жылдын июнь айынан тарта Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү (Кытай) аба каттамы жанданат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, мындай макулдашуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда жетишилген. Аталган каттам пандемия башталганда токтотулуп, ортодон кайра каттай баштаган. Бирок 2021-жылдын март айында эпидемиологиялык кырдаал курчуп, рейсти токтотууга туура келген.

Башка каттамдар боюнча маселе эки мамлекеттин тийиштүү органдары тарабынан жакын арада жөнгө салына турганы кошумчаланды.