Оштогу сейил бакта 18 жаштагы кызды зордуктаган кылмышка шектүү эки жигит кармалды

Ошто 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөр Ош шаарынын тургундары — 2005-жылы туулган теңтуштар. «Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүүлөр 17-май күнү кечки саат 17:30 чамасында жабырлануучуга Ош шаарынын эс алуу бактарынын биринде кол салышып, күч колдонуп, жабырлануучунун эркине каршы зордуктап, окуя болгон жерге таштап кетишкен. Издөө иштеринин натыйжасында экөө теӊ кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди«,- деп айтылат маалыматта.

Алардын үстүнөн Жазык кодексинин 154-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдү тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.