Кыргызстанда банктардын тапкан пайдасы быйыл эки эсеге өстү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында экономиканын финансы секторунда иш алып барган ишканалардын тапкан пайдасы эки эсе өстү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 591 финансылык уюм бар. Анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 309 күрөөкана, 146 микрокредиттик уюм, 97 кредиттик бирикме, 14 камсыздандыруу компаниясы жана адистештирилген бир финансылык-кредиттик мекеме иш алып барат.

Алар январь-март айларында 24,4 миллиард сом киреше тапкан, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Кирешелердин өсүшүнүн 93 пайызы банктарга таандык.

Эгер чыгымдардан сырткары таза кирешени эсептей турган болсок, сумма 11,8 миллиард сомду түзөт. Пайда былтыркыга караганда эки эсеге көбөйгөн. Өсүштүн басымдуу бөлүгү (75 пайыз) Улуттук банкта, калганы коммерциялык банктарда (22 пайыз) катталган.