Бишкектин жолдорундагы тыгындарды азайтуу маселеси талкууланды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жана шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери менен калаанын жолдорундагы тыгындарды азайтуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Бишкек мэри Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине көйгөйдү чечүүнүн комплекстүү иш-планын талдап, иштеп чыгууну, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте биринчи пилоттук көчөлөр боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

“Ошондой эле кошумча унаа токтотуучу жайларды жайгаштыруу үчүн шаардын жолдорун изилдөө керек”, – деп белгиледи калаа башчысы.

Эмилбек Абдыкадыров белгилегендей, бул чаралар шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана борбордун экологиясын жакшыртуу максатында көрүлүп жатат, анткени унаа тыгындары зыяндуу заттардын атмосферага көбөйгөн көлөмдө чыгышына алып келүүдө.