Коом

Апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүмдү бошотууну Акыйкатчы суранды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова социалдык тармактагы баракчасында апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүм боюнча үн катты.

Анын айтымында, энесин коргогон жашы жете электердин баш коргоо чарасын аныктоодо сот БУУнун минималдуу стандарттарын эске алган эмес жана баланын укуктарын бузган.

«Омбудсмен институту милиция, прокуратура жана соттор БУУнун минималдык стандарттарына жана Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, жашы жете электерди убактылуу кармоочу жайга камоо өтө оор учурларда гана колдонуларын эске албаганын белгилейт. Камакка алуу, башка альтернативдүү чаралар менен алмаштырылат. Жашы жете элек өспүрүмдүн баш коргоо чарасын тез арада өзгөртүү керек», — деп жазат Атыр Абдрахматова.

Эскерте кетсек, 14-майда саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Рыскулов көчөсүндө бычактан жаракат алган эркек кишинин жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ленин РИИБдин кызматкерлери барышкан. Алар ошол эле күнү саат 16:00 чамасында мас абалындагы эркек киши менен мейманкананын администратору уруша кеткендигин, администратордун уулу апасын коргоо максатында бычак алып чыкканы, жаран ага карай чуркап, бычак анын курсак тушуна сайылганы аныкталган. Ал хирургиялык борборго жеткирилип, операция жасалган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2005-жылы туулган өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен 1 ай камакка алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button