Бишкектеги айып короодо токтоп турган төрт унаа өрттөнүп кетти (фото)

Бүгүн, 26-майда Бишкектеги Максим Горький көчөсүндөгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айып короосунда турган унаалар өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, унаадан чыккан өрт саат 9:39да чектөөгө алынган. Ал эми капысынан чыккан тилсиз жоо саат 10:00дө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөн жабыркаган унаалар:

1. Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

2. Киа үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

3. Форд Фокус үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

4. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа арткы оң капталы күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.