Россияда кыргыз кызды 6 жылдан бери зордуктап жүргөн шектүү кармалды

Санкт-Петербургда Кыргыз жараны педофилияга шектелип кармалганын Россиянын «Оперативное прикрытие» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 16 жаштагы курулуш колледжинин 1-курсунун студенти 27-майда мугалимге апасы менен өгөй атасы ур-токмокко алганын, ал эми 49 жаштагы өгөй атасы акыркы алты жылдан бери сексуалдык зомбулук көрсөтүп келгенин айткан.

Шектүү полиция бөлүмүнө, ал эми жашы жете элек кыз ооруканага жеткирилген. Кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө. Кыздын апасы менен шектүүнүн расмий никеси жок экени белгилүү болгон. «Үй-бүлөдө дагы үч бала бар, алардын экөө шектүүдөн. Ал киши өзү 20 жылдан бери Санкт-Петербургда жашап, ооруканада ашпозчу болуп иштейт», — деп айтылат маалыматта. 

Бул окуя боюнча ТИМден маалымат беришип, маселе Консулдук кызмат департаментинин көзөмөлүндө экенин билдиришти.

«Элчиликтин Канцеляриясы тарабынан Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдары, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары, ошондой эле Санкт-Петербург шаарындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин көзөмөлүндө»,- деп айтылат маалыматта.