Коом

Көпүрө куруу иштерине байланыштуу Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши жабылат

24-июндан тарта Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштери башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерине байланыштуу аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Буга чейин долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсү уланып ачылган болчу.

Тектеш кабарлар

Back to top button