Окуялар
Чаек айылында сел жүрүп, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу жабылды

Жумгал районунун Чаек айылында сел жүрүп, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу жабылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» ишканасы билдирди.
Абал кооптуу бойдон экендиги жана №24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техника тартылган, кырдаал көзөмөлдө экени айтылды.
«Коопсуздук максатында аталган тилке аркылуу убактылуу каттабай турууга чакырабыз. Зарыл болбосо бул багытта жолго чыкпай турууну өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.



