ФАОнун Кыргызстандагы төрагасынын орун басары Динара Рахманова: Кыргызстанда суу жетиштүү. Маселе суу ресурстарын туура эмес пайдаланууда

Бүгүн, 22-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлдөрү Женева жана Алматыдан Бишкекке келип, ММК өкүлдөрү менен маалымат жыйын өткөрүштү.

ФАОнун  Кыргызстандагы кеңсесинин конференц-залында ФАО/ГЭФтин «Борбордук Азиянын жана Түркиянын кургакчылык жана туздуу айыл чарба ландшафттарында жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу» (Швейцария, Женева) Регионалдык программасынын техникалык директору Экрем Язичинин катышуусунда  маалымат жыйыны болуп өттү. Программанын аймактык координатору Махмуд Шаумаров (Казакстан, Алматы).

Суу ресурстарынын көптүгүнө карабастан (жылына 50 куб метрге жакын) Кыргызстан мезгил-мезгили менен айыл чарба жана энергетика тармактары үчүн суунун ошондой эле ичүүчү керектөөлөргө  жетишсиздиги дуушар болот.

ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова белгилегендей, Кыргызстанда суу жетиштүү , болгону суу эффективдүү эмес башкарылат.

«Чынында Кыргызстанда суу жетиштүү, болгону биз аны үнөмсүз пайдаланып жатабыз», – дейт Рахманова. — Суунун жетишсиздигинин негизги себеби – суу ресурстарын туура эмес башкаруу, суу бөлүштүрүүчү системалардын, сууну эсепке алуунун жакшы эместиги болуп саналат.

Өз кезегинде ФАО/ГЭФтин аймактык программасынын техникалык директору Экрем Язижи токой, суу жана жер ресурстарынын көйгөйлөрүнүн түпкү себептерин изилдөө зарыл деп эсептейт.

«Кыргызстанда жаратылыш ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кандайдыр бир иш-аракеттерди баштоодон мурда токой, суу жана жер ресурстары көйгөйлөрүнүн түпкү себептерин изилдөө керек», – деп түшүндүрдү Экрем Язижи маалымат жыйында. — Аларды изилдөө менен гана биз маселелерди чечүүнүн туура жолдорун жана моделдерин түзө алабыз, ал эми Римдеги, Анкарадагы жана Будапешттеги техникалык директорлор Кыргызстанда жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт,- деп билдирди.

Мындан тышкары Экрем Язижи ФАОнун негизги милдеттеринин бири жергиликтүү коомчулук менен иштешип, алар климаттын өзгөрүшүнө даяр экенин эскертти.

– Көптөгөн өлкөлөрдүн аймактарында окшош көйгөйлөр, жаратылыш ресурстарын башкаруу жагынан бирдей кыйынчылыктар бар, – деди Язичи. — Биз бир жагынан аймактар ​​менен иш алып барсак, экинчи жагынан ар бир мамлекет менен тыгыз байланыштабыз. Улуттук деңгээлде биздин негизги милдетибиз – фермерлерге эң катуу тийген климаттын өзгөрүү процесстерине жергиликтүү коомчулуктун туруктуулугун күчөтүү. Ошондой эле ансыз деле бузулган жер ресурстарын заманбап технологиялардын жардамы менен калыбына келтирүү, – экенин айтты Язижи мырза.