Жылдызкан Жолдошева: “Эсиңерде болсо, Камчыбек Ташиев сот аркылуу гана акталган”

 “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова социалдык тармактагы баракчасына Камчыбек Ташиев 2012-жылы абакта отурганда “психикалык жактан оорулуу” деген справка алып, эркиндикке чыкканын  жазды. Нарматованын айтканы канчалык деңгээлде чындыкка дал келет? Бул тууралуу   ошол кезде дайыма алардын жанында укугун коргоп, аларга колдоо көрсөтүп жүргөн коомдук, саясий  ишмер Жылдызкан Жолдошева айымдан сурадык.

Жылдызкан Жолдошева:

– Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун ар бир сот процесстеринин бирин да калтырбай, коллегам Курманбек Эргешов экөөбүз аягына дейри  катышканбыз. Муну менен эмнени айткым келет, Камчыбек Ташиев бир гана сот аркылуу акталганы анык.

Эсиңерде болсо, урматтуу Эл журт баарыңар күбөсүңөр, Камчыбек Ташиевтер Бишкек шаардык соту  аркылуу ( Курманкул Зулушев төр агалык кылган…кийин Медер Сатыев экөөнү тең,  бийлик кызматынан бошотушкан) акталып чыккан.

Акыйкат үчүн айтып коёюн, андай справка жок, болгон да эмес.