Военно-Антоновкадагы мектептин курулушу 10 жылдан бери бүтпөй келет

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Военно-Антоновка айылындагы көп жылдардан бери курулушу бүтпөй келген, пайдаланууга бериле элек билим берүү мекемелеринен кабар алды.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мектептердин биринин курулушу көп жылдар бою жүрүп, пайдаланууга берилбей келген.

Имарат 700 орунга ылайыкталып салынган. Мектептин курулушу 10 жылдан бери бүтпөй келгендиги айтылат.