Коом

Кыргызпатент Алмазбек Атамбаевдин ырлары үчүн гонорар төлөп берерин билдирди

Мамлекеттик интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттиги (Кыргызпатент) гонорар төлөп берүү үчүн ырлардын авторлорун издеп жатат.

Аталган тизмеге 1012 адам кирген, алардын арасында түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев дагы бар.

2017-жылы Атамбаев 10 ырдан турган «Судьбе назло» аталышындагы альбомун чыгарган. Композицияда «Энекем», «Кыргызстаным», «Я не могу без тебя жить», «Судьбе назло», «Мне не страшно умирать» жана «Нелепые слова» деген ырлары камтылган.

Автордук укукка гонорар алуу үчүн төмөнкү телефондорго чалып тактаса болот: 68-00-86, 0 (555) 77-81-51, 0(550) 77-85-90, 0(550) 77-82-08.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button