Америка Штаты Тажикстан менен Өзбекстанга Афганистанда колдонулган 46 учагын террорчулук менен күрөшүү үчүн жардам катары бериши ыктымал. Бул туурасында маалымат булактарына таянып Politico жазып чыкты.
Кеп Кабулду “Талибан”* кыймылы басып алганда Афганистандын Куралдуу күчтөрү Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирген учактар туурасында болуп жатат. Техника Афганистандын мурдагы өкмөтүнө берилген. Алар: C-208, штурм жасоочу жеңил A-29 Super Tucano, Ми-17, Ми-25 жана UH-60 Black Hawk тик учактары. Талибдер аба транспорттору Афганистандын менчиги экендигин айтып, кайтарууну талап кылып келет. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстан бул АКШнын техникалары деп кайтарып берүүдөн баш тартууда.