Коом

Бишкекте 1 жаштагы балага кайнак суу төгүлүп, милиция тарабынан ооруканага жеткирилди

Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, Салиев жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинен 1997-жылы туулган жаран жардам сурап кайрылган. Анда 2021-жылы туулган баласы үйүндө ойноп жатып, кокусунан кайнак суу төгүлүп, денесин күйгүзүп алгандыгын айтып, тезирээк ооруканага жеткирип коюну өтүнгөн.

Кайгуул кызматкерлери милициянын старшинасы Чокеев жана милициянын сержанты Азаматов ошол замат чечим кабыл алып, аларды кызматтык унаага отургузуп, ыкчам түрдө №4 шаардык ооруканага жеткиришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button