Баткен элине алган кредиттери боюнча жеңилдик берилет

Тиешелүү чечимди Улуттук банк кабыл алат.

Албетте, жабыркагандарга насыя боюнча жеңилдиктер болот. Бирок азыр так маалымат бере албайм. Былтыркы апрель окуясынан кийин банктардан жеңилдиктер болуп, көптөгөн береселер кечирилген. Бул жолу да ошондой болушу мүмкүн“, — деди Улуттук банктын облустагы өкүлчүлүгүнүн директору Акмал Раззаков. 

Ал насыяны төлөө мөөнөтү келгендерге банктарга кайрылууну сунуштады. Бул билдирүүлөр эске алынат.