
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү пунктулары кытай тараптын демилгеси менен 1-3-октябрь күндөрү жабыла турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул күндөрү коңшу өлкөдө Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү белгиленет.
«Өткөрүү бекеттери автоунаалар үчүн 4-октябрдан тарта ишин жандантат», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан азырынча товарлар гана өткөрүлөт.



